Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Шабул курал көтөргөн жигитине: «Кылычыңды кынынан сууруп, мени мууздап сал, болбосо мына бул сүннөткө отургузулбагандар келип, мени мазакташат», – деди. Бирок курал көтөргөн жигит макул болгон жок, анткени аябай коркуп кетти. Ошондо Шабул кылычын сууруп алып, ага сайыла жыгылды.