Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Дөөт пелиштиликтер менен бирге Шабулга каршы согушка бара жатканда, Менаше тукумунан да кээ бирөөлөр Дөөт тарапка өтүп кетишкен, бирок Дөөт аларга жардам берген эмес, себеби пелиштиликтердин башчылары өз ара кеңешип: «Биздин башыбызга мүшкүл түшүрүп, ал өз мырзасы Шабул тарапка өтүп кетет», – деп, аны артка жөнөтүп жиберишкен.