1 John 2:27 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Дегинкиси, Андан алган Рух силердин ичиңерде жашап жатат, ошондуктан силер кимдир бирөөнүн үйрөтүүсүнө муктаж эмессиңер. Силерге баарын үйрөтүп жаткан ал Рух – жалган эмес, чындык. Ал силерге эмнени үйрөтсө, ошону сактап жашагыла.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Кудай силерди Ыйык Руху менен майлаган, ошол майлануу жан дүйнөңөрдө жашап жатат жана башка бирөөнүн окутканына муктаж эмессиңер. Кудайдын Ыйык Рух менен майлоосу силерге баарын үйрөтөт, Анын окутуусу жалган эмес, чындык. Ошондуктан Ыйса силерди мурда окуткандай, Аны менен тыгыз байланышта жашагыла.