Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Сенин улуу ысымың, сунулган колуң жана күчтүү билегиң жөнүндө уккан Сенин элиң Ысрайылдын ичинен эмес, бөтөн элден, алыскы жерден Сенин ысымың үчүн кимдир бирөө келип, ушул ийбадаткананын жанында сыйынса, Сен асмандан – Өзүң жашаган жайдан ук, Сени чакырган ошол бөтөн элдик адамдын сураганын бер. Сенин ысымыңды жер бетиндеги бардык элдер билиши үчүн, Өз элиң Ысрайыл сыяктуу Сенден коркушу үчүн, мен курган ушул ийбадаткана Сенин ысымың менен аталарын билиши үчүн ушундай кыл.