Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Эми менин мырзам, падыша, өз кулунун сөзүн угуп турсун: Эгер Теңир сени мага каршы чыгарып жатса, анда бул кылып жатканың сенин Теңирге арнаган жыпар жыттуу курмандыгың болсун. Эгерде сени мага адам баласы каршы тукурса, анда аларга Теңирдин каргышы тийсин, анткени алар: “Бар, жат кудайларга кызмат кыл”, – деп, мени Теңирдин мурасчысы кылбай, кууп жиберишкен.