Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Келини, Пинехастын аялы, кош бойлуу болчу, төрөтү жакындап калган эле. Ал Кудайдын келишим сандыгын тартып алышканын, кайын атасы менен күйөөсүнүн өлгөнүн укканда, тизелеп жыгылып, төрөп салды, анткени күтүлбөгөн жерден толгоосу келип калган эле.