Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анан алар Пелиштинин бардык төрөлөрүнө киши жиберип, баарын чогултуп, мындай дешти: «Ысрайыл Кудайынын келишим сандыгын кайра жөнөткүлө, ал бизди жана биздин элибизди өлтүрбөш үчүн, өз ордуна кайтсын». Анткени бардык шаарды өлүм коркунучу басты, алардын үстүндөгү Теңирдин колу өтө оорлоду.