Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ал жүйүттөргө: «Бул шаарларды куруп чыгалы да, аларды чептер менен, мунаралар менен, дарбазалар менен, кулпулуу эшиктер менен бекители. Жер азырынча биздики, анткени биз өз Кудай-Теңирибизди издедик. Биз Аны издегендиктен, Ал бизге бардык тараптан бейпилдик берди», – деди. Алар шаарларды куруп, ийгиликке жетишти.