Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ал Асанын алдынан чыгып, мындай деди: «Аса, Жүйүт менен Бенжемин эли, мени уккула! Силер Теңир менен болсоңор, Ал силер менен болот! Эгерде силер Аны издесеңер, Аны табасыңар. Эгерде силер Аны таштасаңар, Ал силерди таштайт.