Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Аттары аталган эркектер туруп келип, туткундарды бошотуп, ач-жылаңачтарды олжодон кийиндирип, буттарына бут кийим берип, тамактандырып, зайтун майын сүйкөп, алсыздарын эшектерге мингизип, өз бир туугандарын карай, курма пальмасы өскөн Жерихо шаарына жөнөтүштү, өздөрү Самария өлкөсүнө кайтып келишти.