Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Чабармандар падышадан, анын төрөлөрүнөн каттарды алып, бардык Ысрайыл менен Жүйүттүн жерлерине чапкылап, падышанын буйругун жар салып жүрүштү: «Оо Ысрайыл уулдары! Ата-бабаңар Ыбрайым, Ыскак, Ысрайылдын Кудай-Теңирине кайрылгыла! Ошондо Ашур падышаларынын колдорунан аман калган силерге Ал да жүзүн бурат.