Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Хиския Теңир үйүнүн дарбазасынын жанында Аны мактап, даңктап, кызмат кылып туруш үчүн, тынчтык курмандыгын, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкты чалып туруш үчүн, лебилер менен ыйык кызмат кылуучулардын өз иштерине жараша топторго бөлүп, кезегин белгилеп койду.