Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Сурнайчылар менен ырчылар бир кишидей болуп Теңирди мактап, даңктап жатышты. Алар сурнай тартып, жез табак кагып, музыкалык аспаптарда ойноп, Теңирди: «Ал ырайымдуу, Анын ырайымы түбөлүктүү», – деп даңкташты. Ошондо Теңирдин үйү булутка толду.