2 Corinthians 1:8 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Бир туугандар, Асия жеринде башыбызга түшкөн кыйынчылык жөнүндө билишиңерди каалайм. Өтө оор, адам чыдагыс кыйынчылыкка туш болгон элек, тирүү каларыбызга да үмүттөнбөй калганбыз.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ошон үчүн, боордоштор, силерди билсин деп, Асия аймагында дуушар болгон кыйынчылыктарыбызды эсиңерге салып кетели дедик. Ал жактан ушунчалык чоң, ушунчалык оор азап тарткандыктан, аман каларыбыздан да үмүт үзгөн элек.