Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Андан ары жөнөп, аны утурлап келе жаткан Рейхаптын уулу Жонадапка жолугуп, аны менен саламдашып, андан: «Менин сага ниетим ак, сенин да мага ниетиң акпы?» – деп сурады. Жонадап: «Ак», – деп жооп берди. Жейу ага: «Эгер андай болсо, анда колуңду бер», – деди. Ал колун берди, Жейу аны өзүнүн майдан арабасына салып алды.