Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошондо Абенер Дөөткө: «Мен барып, бүтүн Ысрайыл элин чогултуп, менин мырзама, падышага, алып келейин. Алар сени менен келишим түзүшөт, сен бардыгына өзүң каалагандай падышачылык кыласың», – деди. Дөөт Абенерди коё берди, ал тынчтык менен кетти.