2 Thessalonians 1:10 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Мунун бардыгы Теңирибиз Ыйса Машайак Өзүнүн бардык ыйыктарынын арасында даңкталыш үчүн жана бардык ишенгендер аркылуу таң калтырарлык улуулугу менен көрүнүш үчүн келген күнү болот. Алардын ичине силер да киресиңер, анткени биздин күбөлөндүрүүбүзгө ишенгенсиңер.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Эгебиз кайткан ошол күнү Анын ыйыктары, Ага ишенгендердин баары чогулуп, эбегейсиз сулуулугуна суктанып даңазалашат. Өзүбүз күбөгө өтүп, айтып берген Жакшы Кабарды ишенип кабыл алган силер да алардын арасында болосуңар.