Acts 10:22 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Алар болсо мындай деп жооп беришти: «Бүт жүйүт эли тарабынан жакшы күбөлөндүрүүгө ээ болгон, жакшылыкты көп кылган жана Кудайдан корккон жүз башы Корнелий бир ыйык периштеден “Петирди үйүңө чакырып, анын сөздөрүн ук” деген буйрук алды».
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Алар мындай деп жооп беришти: — Бизди Корнелий аттуу жүз башы жиберди. Ал динчил, Кудайдан ыйбаа кылган адам. Атпай иудей элинин арасында анын кадыр-баркы чоң. Ошол кишиге Кудайдын касиеттүү периштеси көрүнүп, үйүнө сени чакырып, сөзүңдү уксун дептир.