Acts 12:20 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ал тирликтер менен сидондуктарга кыжырданып калган эле. Алар болсо өз ара макулдашып алып, ага келишти да, анын сарай кызматчысы Биластты ортого салып, тынчтык сурашты, анткени алардын дубаны падышанын дубанынан азык-түлүк алып турчу.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Тир менен Сидон шаарларынын элине Ироддун кыжыры келип жүргөн эле. Тигилер болсо өз ара сүйлөшүп, ага келишти да, падышанын кызматкери Биласты өзүлөрү тарапка тартышып, Иродду тынчтыкка келүүгө чакырышты. Анткени алар жашаган аймак падышага караштуу аймактан азык-түлүк алып турчу.