Acts 13:43 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Эл тарагандан кийин, көптөгөн жүйүттөр жана бутпарастардын арасынан Кудайга кайрылган, Кудайды ыйык туткан прозелиттер Пабыл менен Барнабаны ээрчип алышты. Бул экөө алар менен сүйлөшүп, аларга Кудайдын ырайымы астында болуу жөнүндө насаат айтышты.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Чогулуш бүткөндө, көптөгөн иудейлер жана иудей динине өтүп, Кудайга кызмат кылган улуту башка адамдар Пабыл менен Барнапты ээрчип жөнөштү. Пабыл менен Барнап болсо алар менен аңгеме куруп: «Ырайымдуу Кудайдын жолунда жүрө бергиле» деп кеңештерин беришти.