Acts 14:15 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
«Эркектер! Эмне кылып жатасыңар? Биз силерге окшогон эле адамдарбыз. Ушул жасалма кудайлардан бурулуп, асман менен жерди, деңизди жана алардын ичиндеги бардык нерселерди жараткан тирүү Кудайга кайрылышыңар үчүн, биз силерге Жакшы Кабар айтып жатабыз.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Элчилер — Барнап менен Пабыл муну укканда, үстүндөгү кийимдерин тытып жиберишип, элдин арасына чуркап киришти. — Эл-журт! Эмне кылганы жатасыңар? — дешти алар. — Биз деле силерге окшогон пендебиз. Силерди бул пайдасыз нерселерге табынбай, асман-жерди, деңизди жана алардын ичиндегинин баарын жараткан тирүү Кудайга ишенсин деген Жакшы Кабарды айтып жүрөбүз.