Acts 14:19 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Антийохея менен Икониядан жүйүттөр келишти. Элчилер кайраттуулук менен Жакшы Кабар айтып жатышканда, алар: «Булардын эч бир сөзү чындык эмес, булар жалган айтып жатышат», – деп, элди алардын жанынан кетүүгө көндүрүштү. Анан алар элди тукуруп, Пабылды таш бараңга алышты да, өлдү деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ушундан соң, Антахия менен Икониядан келген иудейлер элди өздөрү тарапка тартып алып, Пабылды таш бараңга алышты. Анан өлдү го деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты.