Acts 17:18 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошондо ага Эпикур деген философтун окутуусун жактагандар жана Стоа деген философиялык агымдын өкүлдөрү да жолукту. Алардын бирөөлөрү: «Бул келжирек эмнени айтмакчы болуп жатат?» – дешсе, дагы бирөөлөрү: «Ал чет элдик кудайлар жөнүндө үгүт таратып жүрөт окшойт», – дешти. Анткени Пабыл Ыйса жөнүндө жана тирилүү жөнүндө жарыялап жүргөн эле.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ошондо эпикурей жана стоик философиясын жактаган мугалимдер аны менен талаша кетишти. Айрымдары: «Мына бу булбул эмне деп сайрап жатат?» — дешсе, айрымдары: «Бул биз билбеген кудайга үгүттөп жүрөт окшойт!» — дешти. Анткени Пабыл Ыйса жана Анын кайра тирилүүсү тууралуу айтып жүргөн.