Acts 17:31 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анткени Ал бир күндү белгилеп койду. Ошол күнү ааламды Өзү алдын ала белгилеп койгон Адам аркылуу адилеттик менен соттойт. Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилтүү менен, Ал муну бардык адамдарга далил катары көрсөттү».
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Анткени Ал Өзү дайындаган бир Адамынын колу менен бүт адамзатка адилет сот жүргүзө турган күндү белгилеп койгон. Бүткүл адамзаттын алдында мунун далили катары ошол Адамды өлүмдөн тирилтти.