Acts 17:5 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Бирок Ыйсага ишенбеген жүйүттөр көрө албастык кылып, аянттан бузуку кишилерди чогулта калышты да, шаарга дүрбөлөң түшүрө башташты. Анан алар Жасондун үйүнө келишти да, элдин алдына чыгаруу үчүн, Пабыл менен Сыласты издешти.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Бирок иудейлер көрө албастык кылып, базардагы бейбаштардын бир нечесин топтоп, шаарды дүрбөтүштү. Алар Жасондун үйүнө жулунган бойдон жетип келип, андан Пабыл менен Силаны топураган элдин алдына чыгарууну талап кылышты.