Acts 21:24 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Аларды ийбадатканага ээрчитип барып, алар менен кошо тазалануу расмисинен өт. Алардын чач алдырыш үчүн чалган курмандыктарына кеткен чыгымын сен төлө. Ошондо жүйүттөрдүн бардыгы сен тууралуу уккан сөздөрүнүн туура эмес экендигин, өзүң да мыйзамды сактап жүргөнүңдү билишет.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Сен ошолорго кошул да, алар менен бирге Тоорат мыйзамынын талабы боюнча тазалануу расмисинен өт. Назирлик мөөнөттөрү аяктаганы билинип, чачтарын алууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн алардын бардык чыгымдарын сен көтөр. Ошондо сен тууралуу айтылган сөздөрдүн натуура экени жана Тооратты сактап жүргөнүң баарына билинет.