Acts 22:30 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Эртеси күнү миң башы Пабылды жүйүттөр эмне себептен айыптап жатканын так билүү үчүн, аны кишенден бошотту да, башкы ыйык кызмат кылуучулар менен синедриондун чогулуусун буйруду. Анан Пабылды алардын алдына чыгарды.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Эртеси миң башы Пабылдын кишендерин чечтирип, иудейлер эмне себептен айыптап жатканын жакшылап билгиси келди. Бул үчүн жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңеш мүчөлөрүнө чогулууну буйруду. Андан соң, Пабылды сепилден ылдый алып түшүп, алардын алдына тургузду.