Acts 28:6 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Алар Пабылдын денеси шишип кетет, же болбосо ал мүрт өлөт деп күтүп жатышкан эле. Бир топ убакыт өтсө да, ага эч нерсе болгон жок. Ошондо алар ойлорун өзгөртүшүп: «Бул бир кудай болсо керек», – дешти.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Тигилер болсо Пабыл эми шишип чыгат го же күп этип кулап түшүп өлүп калат болуш керек деп күтүп турушту. Бирок бир топ күтүп, эч кандай деле адаттагыдан сырткары нерсе болбогонун көргөн соң, ойлорун өзгөртүп: «Бул — кудай экен!» — дей башташты.