Acts 7:8 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Кудай аны менен келишим түзүп, келишимдин белгиси катары ага сүннөткө отургузуу парызын берди. Ыбрайым Ыскак деген уулдуу болуп, аны сегизинчи күнү сүннөткө отургузду. Ыскактан Жакып төрөлдү, Жакыптан Ысрайыл элинин он эки уруусунун түпкү аталары төрөлдү.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Кудай атабыз Ыбрайымга Өзү менен түзгөн келишимдин белгиси катары сүннөткө олтургузуу расмисин берди. Кийин ал Ыскак аттуу бала көрүп, аны сегизинчи күнү сүннөткө олтургузду. Андан кийин Ыскак уулу Жакыпты сүннөткө олтургузду. Жакып болсо он эки уулун сүннөткө олтургузду. Жакыптын балдарынан Ысрайыл элинин он эки уруусу келип чыккан.