Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анан Небухаданасар падыша орноткон буркандын салтанаттуу ачылышына келишсин деп, падыша Небухаданасар жергиликтүү төрөлөрдү, жогорку бийликтегилерди, аскер башчыларды, жогорку сотторду, казына кармоочуларды, мыйзам чыгаруучуларды, сотторду жана бүт дубан башчыларын чогултканга киши жиберди.