Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ал эми падышанын асмандан түшүп келе жаткан Уктабай Карап Туруучуну, Ыйыкты, көрүп, Анын: “Даракты кыйып салгыла, аны жок кылгыла, анын жердеги негизги тамырын гана калтыргыла, ага темир жана жез кишен салынсын, талаа чөптөрүнүн арасында асман шүүдүрүмү менен сугарылсын, анын үстүнөн белгиленген жети мезгил өткөнчө, ал талаа жырткычтары менен болсун”, – деп айтканын укканы,