Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анткени ал адамда, падыша өзү Белтешатсар деп ат койгон Даниелде, өзгөчө рух, билим жана түштөрдү чечмелей ала турган, табышмактарды таба ала турган, жашыруун сырларды ача ала турган акылмандык бар болуп чыккан. Ошондуктан Даниелди чакырып келишсин, ал жазуунун маанисин түшүндүрүп берет».