Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Тескерисинче, асмандагы Теңирге каршы чыктың, сага Анын үйүндөгү идиштерди алып келишти, сен, сенин төрөлөрүң, аялдарың жана күңдөрүң ал идиштер менен шарап ичишти. Көрбөгөн, укпаган, түшүнбөгөн, алтындан, күмүштөн, жезден, темирден, жыгачтан жана таштан жасалган кудайларды даңктадың. Өмүрүң, бардык жолдоруң колунда турган Кудайды болсо даңктаган жоксуң.