Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Мен мыйзамсыз адамга: “Сен өлөсүң”, – деп айтканда, сен аны алдын ала эскертпесең, мыйзамсыз адам тирүү калыш үчүн, аны мыйзамсыз жолунан сакташ үчүн, аны менен сүйлөшпөсөң, анда мыйзамсыз адам өзүнүн мыйзамсыздыгы үчүн өлөт, анын канынын кунун Мен сага төлөтөм.