Galatians 2:9 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Жыйындын кадыр-барктуу тиректери деп эсептелген Жакып, Кейфа жана Жакан Кудайдын мага көрсөткөн ырайымы жөнүндө билишип, мага жана Барнабага биргелешип иштөө үчүн кол сунушту. Ошентип, биз бутпарастарга бара турган болдук, алар болсо сүннөткө отургузулгандарга бара турган болушту.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Мен дагы Кудайдын ырайымы боюнча элчи болгонумду таанышып, ишенгендердин тиреги болуп эсептелген Жакып, Петир жана Жакандар, биздин кызматташ экенибиздин белгиси катары, Барнап экөөбүз менен кол алышты. Ошентип, Барнап экөөбүз башка элдерге, алар болсо эврейлерге баралы деп бир келишимге келдик.