Galatians 3:19 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Андай болсо мыйзам эмне үчүн берилген? Ал кийинчерээк, кылмыштардын айынан, Урпак келгенге чейин берилген. Кудайдын убадасы ошол Урпакка байланыштуу. Мыйзам периштелер аркылуу бир арачынын колу менен берилген.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Андай болсо, Тоорат мыйзамынын максаты эмнеде эле? Ал күнөөнүн кылмыштуулугун аныктап, ашкерелеш үчүн кошулуп берилген. Ал убадаланган «урпак» келгичекти гана өкүм жүргүздү. Тоорат мыйзамын периштелер жеткирип, буга бир адам ортомчу болгон.