Hebrews 13:17 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Жетекчилериңерге баш ийгиле, моюн сунгула. Себеби алар силер үчүн жооп бере турган адамдар катары силердин жаныңар үчүн күндүр-түндүр кам көрүшөт. Алар үшкүрүнө эмес, кубаныч менен кам көрүшү үчүн баш ийгиле. Алардын үшкүрүнө кам көргөнү силер үчүн пайдасыз.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Жетекчилериңерге баш ийип, айткандарын аткаргыла. Алар силердин жаныңар үчүн тынбай кам көрүшөт, анткени өз кызматы үчүн Кудай алдында жооп беришет. Алар өз ишин кубаныч менен аткарышсын десеңер, баш ийгиле. Антпесе кылган кызматы аларга да түйшүк болуп, силерге да пайда-бата алып келбейт.