Hebrews 7:27 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ал мурунку башкы ыйык кызмат кылуучуларга окшоп, адегенде Өзүнүн, андан кийин элдин күнөөлөрү үчүн Кудайга күн сайын курмандык алып келүүгө муктаж эмес. Анткени Ал муну Өзүн Өзү курмандыкка алып келүү менен бир жолу жана биротоло кылды.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ал калган жогорку динкызматчылардай эмес. Күн сайын алгач Өзүнүн, анан элдин күнөөлөрү үчүн курмандык чалууга муктаж эмес. Ал бардык адамдар үчүн бир гана жолу курмандык чалды. Бул курмандык — Анын Өзү эле.