Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
«Эгерде сен ишембиде, Менин ыйык күнүмдө, өзүңдүн иштериңди аткаруудан бутуңду токтото турган болсоң, ишембини кубанычтуу күн деп, Теңирдин ыйык күнү деп атай турган болсоң, ыйык тута турган болсоң, күндөлүк иштериңди кылбай, ал күндү урматтай турган болсоң, өз каалоолоруңду аткарбай турган болсоң, курулай сөздөрдү сүйлөбөй турган болсоң,