Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ысрайыл уулдары Теңирдин үйүнө таза идишке салып тартуу алып келген сыяктуу, бардык элдердин арасынан бүт бир туугандарыңарды алып, аттарга мингизип, арабаларга түшүрүп, замбилдерге салып, качырларга жана күлүк төөлөргө мингизип, Теңирге тартуу катарында Иерусалимдеги Менин ыйык тоомо алып келишет, – дейт Теңир.