Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошондон кийин, – дейт Теңир, – Жүйүт падышасы Ситкияны, анын кызматчыларын, элди жана бул шаарда жугуштуу оорудан, кылычтан, ачарчылыктан кырылган элдин калганын Бабыл падышасы Небухаданасардын колуна, өздөрүнүн душмандарынын колуна жана алардын жандарын издеп жүргөндөрдүн колуна салып берем. Ошондо ал аларды кылычтын мизине алып кырат, аларды аябайт, аларга боор оорубайт, ырайым кылбайт”».