Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Сен, Менин кулум Жакып, коркпо, – дейт Теңир, – Ысрайыл, үрөйүң учпасын, анткени мына, Мен сени алыскы өлкөдөн куткарам, сенин тукумуңду туткундалып кеткен жеринен куткарам. Жакып кайрылып келип, коопсуз, тынч жашайт, аны эч ким коркутпайт.