Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Алардын той берген күндөрү кезеги менен өтүп бүткөндөн кийин, Аюб аларга киши жиберип чакыртып алып, аларды ыйыктачу. Эртең менен эрте туруп, алардын санына жараша бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык чалчу. Анткени Аюб: «Балким, уулдарым ичинен Кудайга акарат айтып, күнөөгө баткандыр», – деп ойлочу. Бардык ушундай күндөрү Аюб ушундай кылып турчу.