John 18:1 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ыйса ушул сөздөрдү айткандан кийин, шакирттери менен ал жерден чыгып, Кидрон суусунун наркы өйүзүнө өттү. Ал жерде бир бак бар эле. Ыйса шакирттери менен ошол бакка кирди.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ыйса сыйынып бүтүп, шакирттери менен бирге шаардын сыртына чыкты да, Кедрон сайынын ары жак бетине өттү. Ал жакта бир бак бар эле. Ал шакирттерин ээрчитип, ошонун ичине кирди.