John 19:6 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Башкы ыйык кызмат кылуучулар менен алардын кызматчылары Ыйсаны көрүшкөндө: «Аны айкаш жыгачка када! Айкаш жыгачка када!» – деп кыйкырышты. Пилат аларга: «Алып кеткиле да, өзүңөр кадагыла! Мен Андан эч кандай күнөө тапкан жокмун!» – деди.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Жогорку динкызматчылар менен алардын сакчылары Ыйсаны көргөндө: — Жыгачка кадап сал аны, жыгачка! — деп кыйкырышты. Пилат аларга: — Силер кадагыла! Мен андан эч кандай күнөө таппадым! — деди.