John 20:19 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошол эле күнү кечинде, жуманын биринчи күнү, Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулуп, жүйүттөрдөн корккондуктан, эшиктерин бекитип алып отурушкан эле. Ошол учурда Ыйса келип, алардын ортосуна турду да: «Силерге тынчтык болсун!» – деди.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ошол эле күнү кечинде Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулушуп, иудей башчыларынан корккондуктан, эшиктерин бекитип отурушкан эле. Капилеттен Ыйса ортосунда пайда болуп: — Ассалом алейкум! — деди.