John 8:44 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Силердин атаңар – шайтан, силер ошонун кумарлуу иштерин аткаргыңар келет. Ал башынан эле киши өлтүргүч болчу, чындык боюнча жашаган жок, анткени анда чындык жок. Жалган айтуу – анын табияты. Анткени ал – жалганчы жана жалгандын атасы.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Силердин атаңар — ибилис, ошонун күнөөлүү кумар-каалоолорун аткаргыңар келет. Ал эң башынан баштап эле канкор болгон жана эч качан акыйкат тарабында турган эмес. Анткени анда эч бир калыстык жок. Ал калпты өзүнүн күнөөлүү табиятына жараша айта берет. Себеби ал жалганчы, бардык калптын атасы.