John 9:16 — Compare Translations

2 translations compared side by side

Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү: «Ал Адам Кудайдан эмес. Анткени ишемби күнүн сактабайт экен», – дешсе, кээ бирөөлөрү: «Күнөөкөр адам ушундай кереметтерди жасай алмак беле?» – дешти. Ошентип, алардын арасында талаш чыгып кетти.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү: — Бул киши Кудайдан келген эмес, себеби ал дем алыш күндүн тартибин бузду, — дешсе, башкалары: — Күнөөкөр киши ушундай кереметтерди кантип жасай алат? — дешти. Ошентип, алар эки жаатка бөлүнүштү.