Jude 1:4 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Анткени силердин араңарга жашыруун түрдө кирип алган адамдар бар. Алар – Кудайыбыздын ырайымын бузуктукка алмаштырган, жалгыз Эгедерибиз жана Теңирибиз Ыйса Машайактан баш тарткан, кудайсыз адамдар. Алар үчүн байыртадан эле сот белгиленген.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Себеп дегенде, кээ бир кудайсыз адамдар арабызга акырын гана жылып кирип алышыптыр. Алар өздөрүнүн бузуку кылыктарын жымсалдаш үчүн Кудайыбыздын ырайымы тууралуу кабарды бурмалашкандар, бирден-бир Өкүмдарыбыз жана Эгебиз Ыйса Машаякты четке каккандар. Алардын жазалана турганы Ыйык Жазууларда илгери эле айтылган.