Luke 10:21 — Compare Translations
2 translations compared side by side
Kyrgyz 2004 - Кыргыз тилиндеги Библия - Kyrgyz Tilindegi Bible
Ошол учурда руху кубанган Ыйса: «Ата, Сен асман-жердин Теңирисиң! Муну акылдуулардан, эстүүлөрдөн жашырып, балдарга ачып бергендигиң үчүн, Сени даңктаймын. Ооба, Ата, анткени Сенин тилегиң ушундай болчу!» – деди.
Kyrgyz 2005 - (Инжил ЛС (2005))
Ыйык Рухка толгон Ыйса кубанычтан катуу толкунданып кетти. — Оо, Ата, асман менен жердин Эгеси! — деди Ал. — Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, бала сыяктангандарга ачып бердиң. Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың.